Байден мигранттарга коюлган чектөөлөр боюнча жарлыкты жокко чыгарды

Автор -

АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды, алардын арасында Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

«Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.

«АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.

Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү