Кара-Балтада сулуулук салонунун ичинен көмүскө кумар клубу табылды (видео)

Автор -

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы көмүскө кумаркана иштетип жүргөндөрдү аныктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кара-Балта шаарындагы Карл Маркс — Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде «Лаванда» сулуулук салону катары ачылган жайдан  онлайн кумар оюндарын уюштурган кумар клубу табылган. 

Тинтүү учурунда атайын программалар орнотулган компьютерлер, акча каражаттары жана башкалар алынган.

«Тинтүү учурунда имараттын ичинде кардарлар (оюнчулар) да болгон», — деп жазылат Финполдун билдирүүсүндө.

Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү