Добуш берүүнүн акыркы расмий жыйынтыгы менен Боршайком шайлоого катышкан 7 талапкерге 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар шайлоого келген элдин 1% ашыгынын добушун алган төмөнкү талапкерлер:
- Садыр Жапаров – 79,20%.
- Адахан Мадумаров – 6,79%.
- Бабыржан Төлбаев – 2,36%.
- Мыктыбек Арстанбек – 1,69%.
- Абдил Сегизбаев — 1,46%.
- Имамидин Ташов – 1,17%.
- Клара Сооронкулова – 1,00%.
Калган 11 талапкер 1% жетпеген добуш алышкан.
Мыйзам боюнча шайлоого келгендердин добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алган талапкерлерге 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарып берилүүгө тийиш.
Учурда БШКнын депозит эсебинде талапкерлерден чогулган 18 миллион сом бар, анын жети миллион сому ээлерине кайтарылат. Калганы кайтарылып берилбейт, бюджетке чегерилет.
Кайтарылбай турган каражаттын арасында шайлоого аз күн калганда ага катышуудан баш тарткан Рашид Тагаев төккөн күрөө да бар.