Жарым миллион сомдук товарды мыйзамсыз ташып келаткан жаран кармалды

Автор -

ЕАЭБтин бажы аймагына чөнтөк телефондорду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда «Б.И.Ф.» аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес Бенц 1223»
үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана чөнтөк телефон табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 545 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.