Мыйзамсыз баюуга шектелген Айбек Токоев 2 айга камакка алынды

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Токоев УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен ал 2021-жылдын 18-мартына чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, Айбек Токоев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Айбек Токоев 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө, Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттатган.

Мындан тышкары Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

Бөлүшүү