22-январь. Өлкөдө дагы 118 жаран коронавируска кабылды

Автор -

22-январга карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 118 жарандан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек — 47
Ош — 2
Чүй облусу – 23
Ош облусу — 10
Талас облусу — 4
Нарын облусу — 10
Ысык-Көл облусу – 14
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу — 0. 

Ушуну менен Кыргызстанда бул илдетти жуктургандардын жалпы саны 83 миң 703 адамга жетти. Анын ичинен 79 664 адам айыкты.  1396 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү