Бишкекте кафеден өрт чыкты (видео)

Автор -

Бишкектин Абдумомунов көчөсүндөгү «Pur-Pur» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 01:39да Бишкек шаардык №8 өрткө каршы башкармалыгынан 1 бөлүм тартылган. Саат 02:00дө Бишкек шаардык №8 өрткө каршы башкармалыгынан суу ташуучу унаа тартылган. Өрт 02:10до чектөөгө алынып, 04:13тө толук өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу, ондулин жабылган кафенин аянты 200 чарчы метр чатыры жана ичинде 2 даана муздаткыч, 2 даана кир жуучу машина, 2 даана электр плитасы, шкаф күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү