USAID Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн муздаткыч сатып бербейт

Автор -

USAID Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул жарыяны жаңылыш жасап алган.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин парламентте ойлонбой айтып алган сөздөрү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз жардамын сунуштабаганы такталды. Саламаттык сактоо министри жаңылышып калган», — деп жазды ал.

TwitterЭске сала кетсек, кечээ министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин отурумунда USAID Кыргызстанга коронавируска каршы 1 миллион 200 доза Pfizer вакцинасын сактоого эсептелген муздаткыч жана шприцтерди сатып берерин айткан.

Буга чейин Кыргызстанга аталган вакцинаны колдонуп көрүү сунушталып, бирок аны  — 70 градуста сактоого өлкөдө шарт жок экени белгилүү болгон. Мындай талапка жооп берген муздаткычтын бирөө 4 миң доллар турат.

 

Бөлүшүү