Абдил Сегизбаев 7 сааттан бери сурактан чыга элек

Автор -
Сүрөт: who.ca-news.org

УКМКнын мурунку төрагасы, саясатчы Абдил Сегизбаев 7 сааттан ашык убакыттан бери Коопсуздук комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Ал бүгүн, 25-январда саат 10:00дө суракка кирген, ошол бойдон чыга элек. Ага жөнөтүлгөн билдирмеге караганда, УКМКнын мурунку төрагасы суракка күбө катары чакырылган. Кайсы иш боюнча экени көрсөтүлгөн эмес.

Kaktus.media өз булактарына таянуу менен Сегизбаевге карата «Белизгейт» иши боюнча  дагы бир кылмыш иши козголгонун жазды.

2021жылдын 20-январында Абдил Сегизбаевге «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал 20 гектардан ашык жайыт жерди өзүнө жана туугандарына жаздырып алган деп айыпталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү