Тоодогу мал сарайдан 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Автор -

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Кочкор райондук милициясына Теңдик айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Тынай-Булак кыштоосундагы малчысынын  жашоо-шартын көрүп келүүгө барган. Барганда, сарайдан адамдын жансыз денесин көргөн.

«Аталган билдирүү боюнча тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үч бөлмөлүү үйдүн ичинен болжол менен 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо маркумга күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну К.К.экендиги такталган. Учурда чабандын аты-жөнүн тактоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (Адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү