Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 24-январында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 06:00 чамасында Ден-Сяопин көчөсүнөн жол эрежесин бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.
Авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1990-жылы туулган Н.Ш. аттуу айдоочу авто унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номур менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мухамедов А. жана милициянын старшинасы Азатбек у Ж. ошол замат чечим кабыл алып, авто унааны убактылуу короо жайга токтотуп, ал эми айдоочусун Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.