Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунан билдиришти, деп жазат 24.kg.
Маалыматка караганда, ырчынын омурткасына ыкчам операцияны мекеменин жетекчиси, белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков жасаган.
«Бейтаптын абалы туруктуу оор, ал дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Кызы дагы ооруканада, анын эки жамбаш сөөгү сынып кеткен. Бүгүн ага операция жасалат. Кыз жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор», — дешкен ооруканадан.
Эскерте кетсек, жол кырсыгы ушул дем алыш күндөрү болгон. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен Караколдон Бишкекке келе жаткан. Унааны ырчынын курбу кызы башкарып баратканы айтылат. Жолдон тайгаланып кеткен машина бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Анжелика жана анын 2 кызы жабыркаган. Бир кызынын эки бутунун жамбаш сөөктөрү сынса, экинчиси жеңил жаракат алган. Рулдагы кыз аман-эсен.