Аспековдун шериги Улан Жураев үй камагына чыгарылды

Автор -

Мелис Аспеков менен чогуу пара талап кылууга шектелип кармалган Улан Жураев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жураев тергөө менен кызматташууга макул болуп, мындан улам соттун чечими менен бошотулган.

Эскерте кетсек, жарандык активисттер Улан Жураев менен Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 9-январда УКМК тарабынан кармалган. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту экөөнү 9-мартка чейин камакта калтырган болчу.

 

 

Бөлүшүү