Бишкектик тургунду интим видеосу менен шантаж кылган аял кармалды

Автор -

Бишкек шаарынын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 11-январда Ленин райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз аял «туугандарыңа интимдик видеону көрсөтөм» деп 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү суранган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Пара талап кылуу) менен тергөө амалдары башталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү