Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бала бакчалар ачылбайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымына караганда, салттуу түрдө окуу режимине өткөн мектептердеги окуучулардан коронавирус илдети аныкталгандыктан бала бакчаларды ачуу убактысы узартылды.
«Ал эми окуучуларды жалпы салттуу окутуу режимине өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат», — деди Айжан Чыныбаева.
Буга чейин бала бакчаларды 1-февралда ачуу пландалып жаткан.
Эске салсак, буга чейин 2 мектептен 3 окуучудан COVID-19 илдети аныкталганы маалымдалган. Алар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлүп, мугалимдерден ПЦР-тест алынган.