Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

Автор -
704

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды. Бул тууралуу өз булактарына таянып, 24.kg жазды.

Маалыматка караганда, УКМК мурунку өкмөт башчыны мыйзамсыз баюу боюнча ачылган иштин алкагында кармаган. Бүгүн ал суракка чакырылып, ага кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирме берилген.

«Андан сырткары, Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу иште фигурант катары өтүп жатат», — дешкен булактар.

Кылмыш ишинин чоо-жайы азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, Абылгазиев сот бөгөт чарасын аныктагыча, 2 сутка камакта болот.