Сутка ичинде 157 киши айыкты, бирөө каза тапты

Автор -

26-январга карата Кыргызстанда 157 киши COVID-19 илдетинен сакайып чыкты, Бишкекте дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Айыккандар:
— Бишкек – 61
— Ош шаары – 0
Чүй облусу – 55
— Ош облусу – 4
— Талас облусу – 1
— Нарын облусу – 2
— Ысык-Көл облусу – 25
— Жалал-Абад облусу – 5
— Баткен облусу – 4.

Учурда 643 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:

  • 2 адам (0,3%) — канааттандыраарлык абалда;
  • 395 (61,4%) — орто оордукта;
  • 219 (34%) — оор абалда;
  • 27 (4,1%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап калды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 84 068 адамга жетти. Анын ичинен 80 182 адам айыгып кетти, 1402 адам каза тапты.