Бишкекте 9 окуучудан коронавирус аныкталды

Автор -

Бишкекте жалпысынан 9 окуучу коронавирус менен ооруп калды, алардын жетөө үйүндө онлайн окуса, экөө мектепте билим алып жаткан. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев мектепте окуп жаткан балдарга вирус үйүндөгүлөрдөн жукканын айтты.

«Бир окуучунун апасы бир ай коронавирус болуп ооруптур. Ал 18-январда баласын мектепке жөнөткөн. Экинчи учурда вирус чоң энесинен жуккан, ал коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы оң чыккан, бала анын үйүнө конокко барып, ошол жактан жугузган», — деди ал отурумда.

Бөлүшүү