Баланы сексуалдык зомбулуктан кантип коргоо керек. ИИМдин эрежелери

Автор -
Иллюстрация

Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.

Министрлик ата-энелерди балдарга сак жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аларды зомбулуктан коргоонун жолдорун айтып берди.

Кыздар-балдарыңыздын кулагына төмөнкү сөздөрдү куюңуз:

  • «Жок» деп айтканды үйрөн. Өзүндү сыйла. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин
    денеңе эч ким жолоого укугу жок. Коомдук унаада болобу, үйдө болобу, сага бирөө тийишип, кармаласа, же ошентүүгө аракет кылып жатса,  ал тууралуу бардыгына айтып, элдин көңүлүн буруудан уялба.
  • Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси
    кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;
  • Подьездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам
    менен чогуу кирбе;
  • Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди
    жасаганы жатса, «Жок» деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга
    айтып бер.
  • Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;
  • Каякка бара жатканыңды, качан келээриңди жана качан байланышыш керектиги
    тууралуу жакындарыңа билдирип тур;
  • Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо
    дагы. Ата-энең үйдө жокто, эркек адамдарды үйгө киргизбе.
  • Түнкү маалда көчөдө жана конокто кармалба;
  • Башка бирөөнүн унаасына, кошунаңдыкы болсо дагы отурба;
  • Өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүүгө укуктуусуң.
  • «Менин милициянын аймактык инспекторум» жана «112 Кыргызстан»
    тиркемелерин уюлдук телефонуңа көчүртүп ал. Алар жардам жөнүндө
    билдирүүнү тез арада берүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан сырткары өзгөчө
    кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтарды алууга болот.

Зомбулук болгон учурда ата-эне эмне кылышы керек?

  • Балаңызга ишениңиз;
  • Кылмыштын издерин сактоо керек − жуунбоо, кийимдерди, ич кийимдерди
    ыргытпоо жана жуубаш керек;
  • Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта
    дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга,
    күтүлбөгөн жерден бойго бүтпөөсүнө жардам берет.

Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.

Бөлүшүү