Парламент депутаттарын инаугурацияга автобус менен алып барышат

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында кулактандыруу жасады.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн бардыгын чогуу-чаран автобустар менен алып барып, алып келет.

«Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруу баракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушу керек. Жеке транспорт менен барууга тыюу салынат. Иш-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет», — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой турганын эскертти.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 28-октябрда, Улуттук филармонияда өтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү