Айыл тургундарын 3,7 млн сомго «отургузуп» кеткен аялдын иши сотко өттү

Автор -

Ак-Суу районунда 3,7 миллион сомго мал сатып алуу менен алдамчылык кылган аялдын иши соттун кароосуна жиберилди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта өткөн жылдын май айында Ак-Суу РИИБине Ак-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын ноябрь айында белгисиз аял-эркек келип, өзүн жеке ишкер катары тааныштырып, 2 баш уюн жана жылкысын карызга алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей жаткандыгын билдирген.

Аталган факт райондук милициясынын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары кармалышкан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А., жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан болучу.

Тергөө иштеринин натыйжасында, аталган шектүүлөр дагы 31 ушундай иш жасаганы аныкталды. Бир жылдын аралыгында И.Ж. жана Ч.А. Ак-Суу районунун Ак-Булак, Качыбек, Кайырма-Арык айылдарынын тургундарынын ишеничтерине киришип, баш- аягы алардан 27 баш ири мүйүздүү малды жана 20 баш жылкыны карызга алышып, акчаларын кийин берери боюнча убадаларын беришкен. Бирок  айыл тургундары малдан же акчадан жок калышкан. Жалпы материалдык зыян 3,7 миллион сомдун тегерегин түзгөн.

Азыркы учурда «Адамдардын тобу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси менен айыпталып жатышкан И.Ж. жана Ч.А. үй камагында.