Пневмония болуп ооруканага түшкөн балдар хирургу Талант Өмүрбеков амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аалиевдин айтымында, балдар хирургу ооруканадан бүгүн эртең менен чыкты.
«Өпкөсүнүн көп бөлүгү жабыркап, оор абалда эле. Өзүнүн жана дарыгерлердин аракети менен илдетти жеңди. Азыркы абалы канааттандырарлык. Амбулатордук дарыланууда болуп турат», — деди дарыгер.
Аалиев Өмүрбеков эки жумадан кийин жумушка чыкса болорун кошумчалады.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.