Бүгүн, 28-январда шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы 19 от казанды газга өткөрүү максатында «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен меморандумга кол койду.
«Акыркы убактарда Бишкекте ыш маселеси пайда болду. Ошондон тарта бул көйгөйдү чечүү максатында иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Көйгөйдү эки тармак чечиши керек: бири өкмөт, бири муниципалитет.
Муниципалитет өзүн иш-чараларын аткарып жатат. Бүгүн мына «Газпром Кыргызстан» менен меморандумга кол койдук. Азыркы учурда борбор калаадагы 23 от казанды алмаштырабыз. Алардын баары көмүр менен жылытылган от казандар болчу, булардын баарын газга өткөрөбүз. Буюрса, 20-октябрга чейин бул иштер бүтөт.
Экинчиден, Бишкектин жаңы конуштарындагы бардык мончолорду газ менен жылытууга өткөрөбүз», — деди Балбак Түлөбаев.