Курсан Асанов 26-мартка чейин камакта кармалат

Автор -

Бүгүн, 28-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы  каралды. Бул туурасында райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сот Асановду 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка кармоо чечимин чыгарган.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 28-январындагы токтомуна ылайык, шектүү Курсан Асановго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2021-жылдын 26-мартына чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды», — дешти мекемеден.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү