Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды

Автор -

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

28-январда райондук сотто Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечими чыкты.

УКМК 26-январда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармаганы белгилүү болгон. Коопсуздук комитети аны премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон деп айыптоодо.

Тагыраагы, экс-премьер-министр «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген. Натыйжада кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган деп айыпталууда. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Бөлүшүү