Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 151 жаран сакайып чыгып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек – 54
— Ош шаары – 2
— Чүй облусу – 49
— Ош облусу – 14
— Талас облусу – 0
— Нарын облусу – 5
— Ысык-Көл облусу – 19
— Жалал-Абад облусу – 7
— Баткен облусу – 1.
Учурда 618 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 4 адам (0,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 387 (62,6%) — орто оордукта;
— 206 (33,3%) — оор абалда;
— 21 (3,3%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 863 бейтап бар.
Ушуну менен өлкөдө жалпы 84 303 адам илдет жугузду. Анын ичинен 80 481 адам айыгып чыкты. 1408 адам каза тапты.