Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун текшерди

Автор -
240

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун 2017-2018-жылдардагы чыгымдарын, «Кумтөр» компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Палата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүүнү сунуш кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты.

Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы, бирок мындай укук анда жок экени белгилүү болгон.

Маалыматта эки жылда дирекция 29,4 миллион сом короткону белгиленген. Фонддун эсебинен ыйгарым укуктуу өкүлгө корогон чыгымдар 6 654,6 миң сомду түзгөн. «Резиденция» ишканасына 800,0 миң сомдук автомашина алынган. Курулуш-монтаждоо иштерине көзөмөлдүн жоктугунан 24,998.9 миң сом каражат ашык коротулган. Эки жылда эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр үчүн 24288,3 миң сом жана сый акылар үчүн 6 384,3 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузулган учурлар катталган. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө узак мөөнөттүк план болгон эмес.

Аудиттин жыйынтыгы президентин аппараты, Жогорку Кеңеш, Коопсуздук кеңеши, Мамлекеттик салык кызматы баштаган мамлекеттик тиешелүү органдарга жиберилгени да маалыматта белгиленген.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык анын каражаттары фонддун байкоочу кеңеши бекиткен сметанын негизинде чыгымдалат. Фондго «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дүң кирешесинин 1% бөлүнөт.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 2017-жылдын март айынан баштап Узарбек Жылкыбаев, ага чейин Асхат Акибаев иштеп турган.

Бөлүшүү