Сооронбай Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылышы мүмкүн

Автор -

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу жактоочу Таалайгуль Токтакунова билдирди.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын декабрында УКМК мурунку аткаминердин декларацияда көрсөтүлбөгөн үйлөрдү, батирлерди жана банк эсептеринен миллиондорду тапкан. Декларацияга кирбеген каражаттарды сактоо айыбы менен аны УКМКнын Тергөө абагына камашкан. Кийин экс-вице-премьердин аны экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы кызматташууга көндүрүүгө аракет кылышканы тууралуу баяндаган каты жарыяланган.

Таалайгуль Токтакунованын маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Зилалиев анда табылган акча Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясына жумшалчу акча болгонун билдирген.

«Суракта ал банктык уячадагы акча кимдики болгонун айтып берди. Бирок анда ошол кездеги президентти суракка алуудан баш тартышкан. Анын үстүнө шайлоо кампаниясы боюнча. Бирок эгер мен жактап жаткан адамга ушул миллион үчүн мыйзамсыз баюу айыбы тагылса, анда биз Сооронбай Жээнбековду чакырып, бул каражатка баа беришибиз керек», — деди жактоочу.

Сот айыптоочу тарап Сооронбай Жээнбековдун сотко келишин камсыздай алса, аны суракка алууга макул болду.

Бөлүшүү