Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу ылдамдыкта келаткан автоунаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 28-январда саат 16:10 чамасында Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда Volkswagen Golf-2 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. ӨКМдин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жарандардын жардамы менен Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун аты-жөнү такталууда», — деп жазылат маалыматта.
Бул арада социалдык тармактарда кырсык болгон жерден тасма жарыяланды.