УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев кечээ, 28-январда, Биринчи май райондук сотунун саясатчыны УКМКнын Тергөө абагында 25-мартка чейин кармоо боюнча токтомунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна арызданды.
Жактоочу соттун чечими иштин бардык жагдайларын эске албай туруп, мыйзамсыз чыгарылган, мындан улам жокко чыгарылышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, сотко чейинки өндүрүш убагында Сегизбаевге карата камакка алуу менен байланышпаган бөгөт чарасы тандалышы керек.
Ошондой эле Кантемир Турдалиев Бишкек шаардык сотуна Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Ибраимовдун кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча токтомунун үстүнөн аппеляциялык арыз жазды.
Адвокат Сегизбаевдин 25-январда камакка алынгандыгын мыйзамдуу жана негиздүү деп таануу жөнүндө соттун өкүмүн жокко чыгарууну жана камакка алууну мыйзамсыз деп табууну суранат.
Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 25-мартка чейин УКМКнын абагына киргизилген. УКМКнын мурунку төрагасы эки иште фигурант катары өтүп жатат — Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин трансформациялоодогу коррупция жана Белизгейт иши боюнча.
Экинчи иш «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматовдун 209-жылы эле берилген арызынын негизинде ачылган. Ал кезде башкы көзөмөл орган Сегизбаевдин аракеттеринде кылмыш белгилери жоктугун айтып, иш козгоодон баш тарткан. Эми Башкы прокуратура өзүнүн баш тарткан токтомун жокко чыгарып, Алмамбет Шыкмаматовдун арызын канааттандырууну чечти. Шыкмаматов Абдил Сегизбаевди Белизгейт боюнча жасалма документтерди таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.