Караколдо катуу келаткан унаа көпүрөдөн сууга кулап кетти (видео)

Автор -

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу ылдамдыкта келаткан автоунаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 28-январда саат 16:10 чамасында Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында  болгон. Анда Volkswagen Golf-2 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. ӨКМдин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жарандардын жардамы менен Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун аты-жөнү такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Бул арада  социалдык тармактарда кырсык болгон жерден тасма жарыяланды.

 

 

 

 

 

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү