15 миллион сомдук товарды мыйзамсыз алып келаткандар кармалды

Автор -

Чет өлкөдө өндүрүлгөн телевизорлордун ири партиясын аткезчилик менен алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири Кыргызстандын аймагына товарларды темир жол транспорту менен мыйзамсыз ташып келүүнү уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 29-январында «Аламедин» темир жол станциясына чет өлкөдөн жүк салынган контейнерлер келген, мамлекеттик бажы декларациясында 90 телевизор алынып келингени көрсөтүлгөн. Бирок жүккө кароо жүргүзүү учурунда декларацияга кирбей калган 4 миң 56 телевизор табылган.

Компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринен мамлекетке 15 миллион сомдой зыян келтирилген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү