Улукбек Мариповду көпчүлүк коалиция колдоду

Автор -

Парламенттеги КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынан турган көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-февралда өткөн отурумунда белгилүү болду.

Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эгерде бул кызматке келип калса, өкмөттүн түзүмүн кыскарта турганын билдирди. Ал 22 мекеменин он алтысын гана калтыруу ниетинде. Ошондой эле бир гана вице-премьер-министрди калтырат. Экономика, Каржы министрлигин жана дагы башка мекемелерди бириктирет.

Учурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев ордунда калат, бирок айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин ордуна мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйбасы бар башка адамды алып келет.

Маселе эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Улукбек Марипов 41 жашта, ал Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн.  2016-жылдын 19-мартынан бери Эсеп палатасын жетектеп келген. Атасы Асамидин Марипов КРдин эмгек сиңирген дарыгери, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, учурда Ноокат аймактык ооруканасынын директору болуп иштейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү