Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 1-февралда кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
54 жаштагы Нуркамал Асканова мурда КТРКнын «Кайдасың?» деп аталган теледолбоорунда иштеген.
Мурдараак президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн буга чейинки башчысы Нургазы Анаркулов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулганы жарыяланган.
30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга шектүү катары кармалганын, учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган.
Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийлик алмашканда дайындалган.
Кылмышка шектүү өзү жана анын жакындары УКМКнын айыптоосуна комментарий бере элек.