Таласта 27 жаштагы келин күйөөсүнүн өлүмүнө шектелүүдө

Автор -

Талас облусунда 27 жаштагы келин күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургунунун жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган. Факты Манас РИИБинде маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышкан.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын жансыз денеси жаткан. Дене учтуу нерсе менен кесилип, анда урулган жаракат белгилери болгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө жана иликтөө иштери башталып шектүү катары маркумдун аялы кармалды. Шектүү келин учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Бөлүшүү