2-февраль. 58 адам жуктуруп, 2 бейтап каза тапты

Автор -

2021-жылдын 2-февралына карата республика боюнча COVID-19 илдетин 58 адам жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын 20сынын анализинен коронавирус табылса, 38 адамда коронавирустук пневмония белгилери болгон.

Ал эми сутка ичинде жалпысынан 115 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 2 учур катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жалпы 84 646 учуру катталды.
Алардын ичинен 81 102 адам айыгып чыкты. 1414 адам каза тапты, анын ичинде:
COVID-19 U07.1 – 438 учур,
COVID-19 U07.2 – 976 учур.

Бөлүшүү