Экс-президенттин үстүнөн жазылган арыз УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү

Автор -

5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында мурунку президент Сооронбай Жээнбековго каршы митинг учурунда жабыркагандардын арызы УКМК жана ИИМге жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта материалдар массалык башаламандыктар жана митингди күч колдонуп таратуу фактылары боюнча буга чейин ачылган кылмыш иштеринин алкагында каралары белгиленет.

Эске сала кетсек, мурдараак былтыркы 5-октябрдагы митинг учурунда жабыркаган кыргызстандыктар экс-президент Сооронбай Жээнбековду митинг катышуучуларын күч колдонуп таратканы үчүн жоопко тартууну талап кылышкан. 2021-жылдын 27-январында алар арыз менен Башкы прокуратурага кайрылышкан. Алар  укук коргоо органдарына демонстранттарды күч менен кубалоого буйрук бергени үчүн Жээнбековдон «экс-президент» макамын алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.