Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда 1,5 сомдук бахилдердин ордуна 150 сомдуктарды сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
«2020-жылдын 6-майында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы «Ф» ЖЧКсы менен өз наркынан ашыкча бааланган жеке каражаттарды — комбинезон, медициналык кол каптарды жана бахилдерди жеткирүү үчүн келишим түзүүнү сунуш кылган. Бул келишим негизсиз, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен жана арзан баадагы жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарын четке кагуу менен түзүлгөн», — деп айтылат прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Орган техникалык өзгөчөлүктүн талаптарына жооп бербеген 101 миң 300 жуп кол капты жеткирүү мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн белгилейт. Ал эми келишимде каралган 1,5 сомдук 150 миң жуп кончсуз бахилдердин ордуна иш жүзүндө «Ф» ЖЧКсы 1 миң 500 жуп кончу бийик бахилдерди бир түгөйүн 150 сомдон жеткирип берген.
«Ошентип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилигинин жана жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 175 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген», — деп билдирди прокуратура.
Текшерилген материалдар Башкы прокуратуранын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. Материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.