Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүүгө шектүү жаран изделүүдө

Автор -

Ысык-Көл облусунда эне-баланы өлтүрүүгө шектелип жаткан жаранга издөө салынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБинин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүнөн башынан катуу нерседен жаракат алып каза болгон эне менен баланы табышкан. Алдын-ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүү катары ушул эле айылдын жашоочусу аныкталып, азыркы учурда издөөгө алынды.

Учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,  деп жазылат маалыматта.