COVID-19 дагы 3 адамдын өмүрүн алды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгондор Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жатышкан.

Бүгүн, 4-февралда 70 кишиге вирус жугуп, 102 киши оорудан сакайып чыкканы айтылды.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 84 миң 832 адам бул илдетке кабылды. Алардын ичинен 81 334 адам айыгып чыкты. 1418 киши каза тапты.