Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 102 киши сакайып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 102 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 47
— Ош шаары – 2
— Чүй облусу – 30
— Ош облусу – 4
— Ысык-Көл облусу – 15
— Жалал-Абад облусу – 3
— Баткен облусу – 1.

Учурда стационарда 527 бейтап дарыланууда,алардын ичинен:
— 3 адам (0,5%) — канааттандыраарлык абалда;
— 365 (69,2%) — орто оордукта;
— 127 (24%) — оор абалда;
— 32 (6%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 617 бейтап бар.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 84 миң 832 адам бул илдетке кабылды. Алардын ичинен 81 334 адам айыгып чыкты. 1418 киши каза тапты.