Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант берип, кызматка киришти

Автор -

Кыргызстандын жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип кызматка киришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүдөй:

1. Улукбек Марипов —  премьер-министр;
2. Артём Новиков —  биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков —  экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов — өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев — коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков-  айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев —  энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева — транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев —  өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева — юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев-  билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев -аламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.