Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча өз дарегине айтылган сындарга жооп берди.
Анын айтымында, илдет башталгандан бери Президенттин, Өкмөттүн Аппараттары, Тышкы иштер министрлиги, өзгөчө анын жетекчиси Чингиз Айдарбеков жана тиешелүү мамлекеттик органдар чет жактан жардам алып келүүнүн үстүнөн иштешкен. Жыйынтыгында аз эмес гуманитардык жардам, анын ичинде ПЦР-тесттер, коргонуучу каражаттар жана башка жардамдар тартылган.
Данияр Сыдыков Кыргызстанга келген бардык гуманитардык жардамдарды тиешелүү мамлекеттик органдар (Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ж.б.) тосуп алышканын билдирди.
«Кийин Кыргызстандын ичинде кандайча бөлүнүп жана кандайча иштетилээрине тышкы саясат менен алектенген органдар кийлигише албайт. Бул иштерге бир гана тиешелүү органдар жооптуу жана бул алардын иши. Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм дагы коронавирустун өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип, жатаарга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «г»сын дагы көргөн жокпуз», — деп билдирди мурунку аткаминер.