Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду

Автор -

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бири Бишкек шаарынан, экинчиси Баткен облусунан.

Бүгүн, 5-февралда илдет 88 адамдан жаңы катталып, 110 киши ооруканалардан сакайып чыкканы айтылды.

Ушуну менен 2020-жылдын мартынан бери жалпы 84 миң 920 кыргызстандыктан  илдет табылды. Анын ичинен 81 444 адам айыгып чыкты. 1420 адам оорудан оңоло албай каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү