Штаб: Ооруканаларда жаткан 155 бейтап оор жана өтө оор абалда

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 110 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 50
— Ош шаары – 6
— Чүй облусу – 22
— Ош облусу – 4
— Талас облусу – 1
— Нарын облусу – 1
— Ысык-Көл облусу – 22
— Жалал-Абад облусу – 3
— Баткен облусу – 1.

Учурда 511 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 3 адам (0,5%) — канааттандыраарлык абалда;
— 353 (69%) — орто оордукта;
— 122 (23,8%) — оор абалда;
— 33 (6,4%) — өтө оор абалда.

Үй шартында 608 бейтап дарыланууда.

Ушуну менен жалпы 84 миң 920 адамдан илдет табылды. Анын ичинен 81 444 адам айыгып чыкты. 1420 адам оорудан оңоло албай каза тапты.

Бөлүшүү