«Манас» аэропортунун мурунку жетекчиси апрелге чейин камакта болот

Автор -

Башкы прокуратура «Эл аралык «Манас» аэропорту» ЖЧК башкаруучулугунун мурунку башчысы Эмир Чукуевдин кармалганы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын сайтында айтылат.

Чукуев түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдиктерди мыйзамсыз берген деп шектелүүдө. Мындан улам ал өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян алып келген.

Бүгүн, 9-февралда, Бишкектин Ленин райондук сотунда Чукуевдин баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 6-апрелине чейин камакка алуу чечими кабыл алынды. Шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө мекемесинде болот.
Эске салсак, Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент компаниясы» ЖЧКсынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияларга эл аралык каттамдардагы жүк ташууларды тейлөөгө жеңилдиктерди берүүнүн туруктуу, системалашкан коррупциялык схемасын аныктаган.