Таластагы мектепте мугалимдер айлыгын директор менен бөлүшүүгө аргасыз болушкан

Автор -

Талас облусундагы мектептердин биринде мугалимдер айлык акысын директор менен бөлүшүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билим берүү чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн. Анын алкагында Талас облусундагы орто мектептин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталган.

2021-жылдын 2-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын
жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан
кыянаттык менен пайдаланып, мектеп кызматкерлерин жумуштан кетирем деп  коркутуп, аларды акчасын алып жүргөнү белгилүү болду.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда
аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине тийиштүү 9 банк картасы табылган. Жетекчи картага түшкөн айлык акыдан маал-маалы менен акча алып турган.

Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан
кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана
жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө
иш-чаралар улантылууда.