Аткезчилик менен ташылып келаткан 3 млн сомдук товар кармалды

Автор -

Бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан наркы 3 миллион сомдон ашуун товарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ош облусунун Ыкчам бажысынын кызматкерлери кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 2538 үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9 280 кг болгон жез жана латунь металлдарынын калдыктары табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 3 миллион сомдон ашуун.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.