Муфтият зыяратчылардан түшкөн акчаны насыяга берип, айлантып жүргөнү аныкталды

Автор -
489
Сүрөт: muftiyat.kg

Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардан алынган акчаны жеке каржы мекемелерине насыяга берип, ай сайын пайызын алып турганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларын жүргүзүп, анын алкагында муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар ажыга баруу үчүн төккөн каражаттын эсебинен 100 миллион сомдон ашык акчаны жеке каржы мекемелерине насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып, өздүк максаттарына жумшап жүрушкөнүн аныктады.

Бул каржылык операциялары ачыкка чыгып калган соң Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашыруу жана кошумча тергөө иштерин токтотууну суранып, 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.  Ошол эле күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына
киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү