Бишкекте окуучу кыздын телефонун уурдагандар кармалды

Автор -

Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка шектелген 26 жана 28 жаштагы жарандарды кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 1-декабрында Ленин РИИБине шаар тургуну ары менен кайрылып, 30-ноябрда саат 18.00 чамасында жашы жете элек кызынын чөнтөк телефонун уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган.

«Белгисиз жарандар кыздын телефонун коомдук транспорттон уурдап кетишкен. Андан тышкары 2021-жылдын 3-январында Свердлов РИИБине дагы бир жаран кайрылып, 2-январь күнү саат 19:00 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринен 14 миң сомдук товарын уурдап качкан белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Учурда бул иштерге шектүү катары кармалгандардын үстүнөн тергөө жүрүүдө. Алардын башка ушундай иштерге катышы бары-жогу териштирилип жатат.

Бөлүшүү